Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Милиция 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалыматты текшерди


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук милициясы укук коргоочунун өспүрүм кыз никеге тургузулганы тууралуу билдирүүсүн текшерип, андай окуя болгонуна далил таба алган жок. Бул тууралуу 22-декабрда «Азаттык» радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Анын айтымында, териштирүүнүн натыйжасында Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну айылдашынын үйүн жасалгалап иштеп жүрүп, ошол үйдөгү 16 жаштагы кыз менен таанышып, кийин телефон аркылуу кээде сүйлөшүп жүргөнү, бирок никеге турбаганы маалым болду.

Усубакунов өспүрүм кыз өз атасы каза болуп калгандыктан атасынын агасынын үйүндө жашап жатканы аныкталганын билдирди:

«Өспүрүм кыз - ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну өзүнүн көрсөтмөсүндө 2016-жылы атасы каза болгонун, анын бир тууган агасы мыйзамдуу камкорчусу экенин билдирди. Кыз да аны менен нике кыйылды деген адам менен никеге турбаганын ырастап чыкты».

Усубакунов кошумчалагандай, кыздын мыйзамдуу камкорчусу да укук коргоочунун билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын айтты.

20-декабрда караколдук укук коргоочу Камил Рузиев Жети-Өгүздө эки жолу ажырашкан адам 16 жаштагы кыз менен нике кыйдырганын, өспүрүм кыздын укугу бузулганын «Twitter» баракчасына жазып чыккан.

Милициянын маалыматына караганда, укук коргоочунун билдирүүсүнөн кийин райондук ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 178-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») менен сотко чейинки териштирүү баштаган.

21-декабрда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга муфтият менен бирге өспүрүм кыздар менен нике кыюуга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылган.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Бул куракка жете электерге диний негизде нике кыйган тараптар кылмыш жообуна тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. (RK)

XS
SM
MD
LG