Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

«Медиа Полиси Институту» уюмунун түзүлгөнүнө 15 жыл болду


«Медиа Полиси Институту» уюму.

«Медиа Полиси Институту» уюму бүгүн, 22-декабрда 15 жылдыгын белгилеп жатат. Сөз эркиндигин, журналисттердин укуктарын коргоо жана өлкөдө эркин маалымат мейкиндигин өнүктүрүү максатын көздөгөн бул уюм 2005-жылдын 22-декабрында негизделген.

15 жыл аралыгында уюм журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч миңден ашуун юридикалык консультация берип, медиа керектөөчүлөр үчүн 200дөй окутуу долбоорун ишке ашырууга жетишти.

Мындан тышкары «Медиа Полиси Институту» уюмунун юристтери журналисттерди жана ЖМКларды коргоп 370 соттук ишке катышты. Булардын ичинен 20 соттук иш быйыл - 2020-жылы болду.

Уюм сөз эркиндигине байланыштуу 200дөн ашык расмий кайрылуу жана билдирүү таратты. Жарандардын пикирин эркин билдирүү укугу бузулган учурлар боюнча 300гө жакын аналитикалык маалымат жана юридикалык комментарий даярдады. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG