Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Быйыл жумуш убагында өлтүрүлгөн журналисттер эки эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы өз жумушун аткарып жүрүп өлтүрүлгөн журналисттер былтыркыдан эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 22-декабрда жарыялаган баяндамада белгиленет. Быйыл бери дегенде 30 журналист өлтүрүлүп, анын 21и өз ишин аткарып жатканда каза болгон. Калгандары согуш талааларында, эки тараптын атышында көз жумган. Баарынан көп журналисттер Мексикада, Ооганстанда жана Филиппиндерде өлтүрүлгөн.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу журналисттер эки эсе көп өлтүрүлүшү - бул үрөй учурган көрүнүш. Бул эл аралык коомчулук кылмышкерлердин жазасыз калышына каршылык көрсөтө албай калганынын айгинелейт», - деп билдирди Журналисттерди коргоо комитетинин аткаруучу директору Жоэл Саймон.

CPJнин маалыматына караганда, Сирия менен Ооганстанда өз ишин аткарып жүргөн төрт журналист каза болгон. Ооганстанда каза болгон дагы бир журналисттин өлүмү боюнча иликтөө уланууда. Иранда ушул айда бийлик оппозициячыл журналист Рухоллу Замды 2017-жылы бийликке каршы акцияларды чагылдырганы үчүн өлүм жазасына тартты.

Мексика өлтүрүлгөн журналисттердин саны боюнча биринчи орунга чыкты. Быйыл кеминде төрт кабарчы өлтүрүлүп, бешинчисин окуя болгон жерде репортаж жасап жүргөндө атып кетишкен.

Уюм бир ай мурда жарыялаган баяндамада быйыл 1-декабрга карата 274 журналист түрмөдө отурганын, бул былтыркыга салыштырмалуу 24 адамга көп экенин белгиленген. Алардын көбү коронавирус пандемиясын чагылдырганы үчүн бийликтин басымына кабылган.

XS
SM
MD
LG