Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

Башкы прокуратура: Комитет «Коопсуз шаар» боюнча 20 миллион сомду негизсиз кечип койгон


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет өлкөгө ири өлчөмдө зыян келтирген деп эсептейт.

Мекеме 22-декабрда тараткан маалыматка караганда, комитет долбоордун «Акылдуу шаар» компонентин жүзөгө ашырыш үчүн тандап алган ишкана менен макулдашылган мөөнөттү 50 күнгө негизсиз өзгөртүп, ал төлөй турган 20 миллион сомду кечип койгон.

2018-жылы болгон бул окуя, башкы көзөмөл органы белгилегендей, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген 320-беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет өткөргөн тендердин жеңүүчүсү деп орусиялык «Вега» концерни табылып, 2018-жылы комитеттин ошол кездеги жетекчиси Бакыт Шаршембиев ишкананын башкы директору Сергей Калмыков менен макулдашуу кабыл алган.

Комитеттин басма сөз кызматы Башкы прокуратуранын бүгүнкү маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG