Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:10

Ош шаарында балатыга 700 миң сом коротулду


2018-жылы тартылган сүрөт.
2018-жылы тартылган сүрөт.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого шаардык казынадан дээрлик 700 миң сом жумшалды. Бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуу боюнча расмий порталга жарыяланды.

Балатыны жасалгалоону Ош шаардык маданият башкармалыгы 782 миң сомго баалап, тендер жарыялаган. Натыйжада буга чейин бир нече жолу уткан Беделов Бакыт бул ишти 699 620 сомго баалап алды.

Ош шаарында жаңы жылды майрамдоого каражат бөлүнбөй турганы айтылган болчу. Аянтты коздоо, балатыны жасалгалоо сыяктуу жумуштарга бир жыл мурун шаардык казынадан 1 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

30-ноябрь күнү биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев шаардык кеңештин кезектеги сессиясында бюджетке тогуз айга пландалган 824 миллион сомдун 722 миллион сому чогулганын, башкача айтканда казынага пландалган каражаттын 12% түшпөй калганын билдирген. Быйыл жыл башында шаардык бюджеттин көлөмү 1 миллиард 325 миллон 613 миң сом деп кабыл алынган. (DU)

XS
SM
MD
LG