Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын четтеги мүлкү тууралуу иликтөө жарыяланды


Нурсултан Назарбаевдин жакындарына таандык кымбат үй-жайдын бири.
Нурсултан Назарбаевдин жакындарына таандык кымбат үй-жайдын бири.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары дүйнөнүн кеминде алты өлкөсүндө 785 миллион долларлык кымбат баалуу мүлк сатып алган. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жарыялаган жаңы иликтөөдө айтылат.

22-декабрда жарыяланган иликтөөдө Назарбаевдин туугандары, кыздары жана неберелеринин бардык инвестиция жана кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат берилбесе да, алардын байлыгынын масштабын көрсөтүп, аны документтер менен далилдеген алгачкы аракет болду. Бул мүлктүн айрымдары буга чейин маалымат каражаттарын кызыктырып, соттук териштирүүлөр болгон эле.

Иликтөөдө Франция менен АКШда Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаевге таандык, Испанияда, Британияда, Швейцарияда, Чехияда кызы Динара менен күйөө баласы Тимур Кулибаев ээлик кылган, Британияда дагы бир кызы Дарига жана анын уулдары сатып алган миллиондогон долларлык мүлк жөнүндө кеп болот.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-2019-жылдары башкарган. Ал бийликте турган кездегиавторитардык башкаруу стили оппоненттеринин сынына кабылган. Ал өлкөнү жетектеп турганда Казакстандын экономикасы өскөн, бирок ага көбүнесе мунай жана газды сатуу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG