Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

«Аскер курулуш» боюнча беш жылда 21 иш козголгону белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата соңку беш жыл аралыгында 21 жазык иши козголгон. Бул тууралуу 23-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасы «Аскер курулуш» боюнча козгогон 21 иштин жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулган. Тергөөнүн жүрүшүндө 13 иш бириктирилип, натыйжада жети жазык иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн, бирөө кыскартылган.

Аскер прокуратурасы белгилегендей, бүгүнкү күндө бул ишканага карата териштирилип жаткан жазык иштери жок.

«Аскер курулуш» - мамлекеттен каржылануучу ишкана. Ал армияга керектелүүчү курулуш иштерин жүргүзөт жана аскер кызматкерлерине турак жай салуу менен алектенет. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG