Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

24-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

24-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз -1…+1 градус болот.

XS
SM
MD
LG