Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Колумбия орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарды


Колумбиянын борбору Боготадагы аэропорт.
Колумбиянын борбору Боготадагы аэропорт.

Мындай маалыматты расмий Богота ырастады. Колумбиянын бийлиги дипломаттарды өлкөдөн чыгарууга эмне себеп болгонун так түшүндүргөн жок, бирок орусиялык жарандар дипломатиялык алакалар боюнча Вена конвенциясын бузганын айтуу менен чектелди.

Колумбиянын Миграция кызматынын башчысы Хуан Франсиско Эспиносанын маалыматы боюнча, орус дипломаттары 8-декабрда эле өлкөдөн чыгып кеткен.

Түштүк Америкадагы өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусия мындай кадамга жооп катары Москвадагы элчиликтин эки кызматкерин чыгарганын кошумчалады.

Буга чейин «Semana» жана «El Tiempo» басылмалары Орусиянын элчилигинин кызматкерлери чалгынчылыкка тиешеси бар деп шек саналганын жазып чыгышкан. Алар Колумбиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика, кен байлыктары жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп жүргөнү кабарланган.

Азырынча расмий Кремль, Колумбиядагы Орусиянын элчилиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG