Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Өкмөт: Парламенттик шайлоодогу эң негизги ката президенттик шайлоодо кайталанбайт


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Октябрдагы парламенттик шайлоонун эң негизги катасы алдыдагы президенттик шайлоодо жана референдумда кайталанбайт. Бул тууралуу 23-декабрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Бишкекте журналисттерге шайлоого карата даярдык тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Мамытканов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышына көп сандаган шайлоочулар №2 форма менен добуш бергени себеп болгонун белгиледи:

«Ошонун кесепетинен элдин нааразылыгы чыккан. Бул шайлоодо эң чон катачылык кайталанбайт. Бул саясий чечим».

Быйыл 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миндей адам №2 форма аркылуу добушканаларды алмаштырган. 5-октябрда өлкөдө ири нааразылык акциялары башталып, Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов баш болгон депутаттар тобу шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал кабыл алынган. Чет жактагы шайлоочулардын мындай укугу калтырылган.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG