Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

БШК: Шайлоочулар тизмени тактоого ынтаасыз катышып жатышат


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кыргызстандыктарды президенттик шайлоо жана референдумга карата түзүлгөн тизмелерди тактоо ишине жандуу катышууга чакырды. 23-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында тизмеге алымча-кошумча киргизүү мөөнөтү 29-декабрда аяктай турганын эске салды:

«Шайлоочулар тизмени тактоо процессине пассивдүү катышып жатканын көрүүдөбүз. 29-декабрга чейин өзүлөрүн тизмеден тактап, эгер кандайдыр бир ката же башка так эместик болсо тийиштүү арыз менен шайлоо комиссияларына кайрылып, оңдотсо болот».

Шайлоочулардын контролдук тизмеси 18-декабрда жарыяланган. Ага 3 миллион 544 миң адам кирди. Жалпысынан, өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 3 миллион 778 миң адамды түзөт.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG