Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жогорку сот Жапаровго байланыштуу арыз боюнча чечимди күчүндө калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровду талапкер кылып каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузган эмес деп эсептейт. Бүгүн, 23-декабрда Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырды.

Сооронкулова Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну өтүнүп административдик сотко 15-декабрда кайрылган, сот 18-декабрда бул арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Сооронкулова шайлоо күнү Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда белгиленгенин, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 24-октябрда дайындаган. Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айткан.

10-январда өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер катышып жатат. Алардын арасында бир аял - Клара Сооронкулова бар. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG