Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Футболчу Месси бир клуб үчүн эң көп гол киргизип, рекорд койду


Лионел Месси.
Лионел Месси.

«Барселона» футбол командасынын капитаны Лионел Месси бир клуб үчүн 644 гол киргизип, 46 жылдан бери сакталып келген рекордду жаңыртты. Буга чейин футбол тарыхында өз командасы үчүн эң көп голду бразилиялык атактуу футболчу Пеле киргизген эле. Шейшембиде өткөн «Барселона» менен «Вальядолид» командаларынын беттешинде Месси өз командасы үчүн 644-голун киргизди.

XX кылымдын атактуу футболчусу катары таанылган Пеле «Сантос» клубу үчүн 1956-1974-жылдар аралыгында 659 оюнда 643 топ киргизген. Месси болсо «Барселона» үчүн өткөргөн 749 беттеште 644 гол киргизди.

XS
SM
MD
LG