Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

УКМК: Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү мүлкү жана аткезчилик байланыштары текшерилет


Райымбек Матаримов.
Райымбек Матаримов.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү мүлкү да текшерилет. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

“Матраимов боюнча териштирүү аяктай элек. Эми анын тышкы аткезчилик байланыштары иликтенет. Анын башка өлкөлөрдөгү – Дубайдагы, Америкадагы, Европадагы, Азия өлкөлөрүндөгү мүлкү текшерилет. Эгер тиешеси бар болсо, мыйзамдуу чара көрүлөт”.

Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке төгө турган 2 миллиард сомду толук төлөп бүттү. Далилдерге ал күнөөсүн мойнуна алганы, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшкөнү жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзүн ачканы себеп болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек. (RK|BTo)

XS
SM
MD
LG