Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:17

Талант Мамытов: Өткөндөн сабак алышыбыз абзел, мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында толкундоо болду

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Бишкекте ушу тапта Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен жүрүп жаткан жыйындын күн тартибинде 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдум мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштамалар деген эки маселе бар.

Мамытов 10-январдагы иш-чара өтө жооптуу жана андан өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдар ишин так жана мыйзам чегинде аткарышы керек экенин айтты:

«Өткөндөн сабак алышыбыз абзел. Анткени 6-7-октябрда мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында толкундоо болуп өттү. Анын жыйынтыгын билебиз. Мына ошондон улам бийлик алмашты. Президенттик шайлоо да, референдум да ошол чекиликтерди болтурбоо, элибизге жана мамлекетибизге чоң өзгөртүүлөрдү жасоо максатында өткөрүлүп жатат. Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат».

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары утканы кабарланган. Кийин бул шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Буга утушка жеткен партиялар добуш сатып алганына нааразы болгон элдик толкундоолор себеп болду. Талант Мамытов ошол шайлоого «Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде экинчи болуп катышкан.

Шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келип, президент кызматын тапшырып берген.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттк башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январга белгиленди. (RK)

​
XS
SM
MD
LG