25-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу аймактарына кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 1…6;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз 3…5 градус болот.