Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Боснияда мигранттар баш калкалаган лагерде өрт чыкты


Босниянын түндүк-чыгышындагы мигранттар баш паанек кылган лагерде өрт чыкты. Хорватия менен чек арага жакын жердеги өрт 1200 адам убактылуу жашап жаткан чатырларды көз ачып-жумганча жалмады. Тилсиз жоодон каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалымат айтыла элек. БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, лагерь оңдоо үчүн жабыларын уккан мигранттар ага өздөрү өрт койгон. Ал шаршембиден тартып убактылуу жабылышы керек болчу.

Бирок Босниянын бийлиги лагерди байырлагандар үчүн башка жай таба албай жаткан. Эми мигранттар кышка карабай сыртта күн кечирүүгө аргасыз болот.

Боснияда учурда Азия, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштан Европага кирүүнү каалаган 10 миңге жакын мигрант бар. Алар Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Хорватияга өтүүнү каалашат. Алардын үч миңге жакыны баш калкалачу жайы жок.

XS
SM
MD
LG