Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Ташиев: Чек ара боюнча жыйынтык акырындык менен чыгат


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жеткчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстандын коңшулар менен чек араны тактоо боюнча жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди. 24-декабрда Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ал чек ара боюнча иш уланып жатканын, жыйынтык акырындык менен чыгарын айтты:

«Мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр оңой эле өтө бербейт. Мисалы, өзбекстандык кызматташтарыбыз менен соңку талкуубуздан кийинки протоколго түнкү саат үчтө гана кол койдук. Сүйлөшүү канчалык оор болгонун түшүнүп жатасыздар да?!»

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо ишинин принциптерин, демаркацияны өз-өзүнчө эмес, чогуу өткөрүүнү макулдашты. Эки өлкө ортосунда азыр тактала элек тогуз тилке бар. Алар чоң жана эң көйгөйлүү.

Кыргызстан төрт өлкө – Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. УКМКнын башчысы казак жана кытай тарап менен маселе жок экенин, Өзбекстан жана Тажикстан менен тактоо уланып жатканын белгиледи.

Мамлекеттик чек ара кызматы быйыл ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлүп берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG