Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Коронавирус: Жаңы жыл алдында чектөөлөр уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустан улам дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Рождество жана Жаңы жыл майрамдарында өз жарандарын бир жерге чогулбоого чакырууда. Буга коронавирустун мутацияланган түрү жайылып жатканы тууралуу тараган кабарлар себеп болду. Буга чейин Британияда вирустун жаңы штаммы жайылып жатканы маалымдалса, эми андан башка дагы бир козгогуч Түштүк Африкада аныкталганы кабарланды.

«Африкалык штамм» да мурдагыга салыштырмалуу тезирээк жайылат деп болжолдонуп жатат. Дал ушул чочулоодон улам Улуу Британиянын бийлиги 23-декабрдан тартып Түштүк Африка Республикасына барчу каттамдарга убактылуу чектөө киргизди. Шаршембиде Британияда Түштүк Африкадан келген эки адам жаңы штаммды жугузуп алганы аныкталган эле.

Африкалык өлкөнүн саламаттык сактоо министри коронавирус абдан тез жайылып жатканын, өлкөдө тапшырылган тесттердин 26% бөлүгүнөн вирус аныкталганын билдирди.

Бул штамм адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу же вакцина жардам бербейт деп чочулоого эч кандай далил жок.

Ал ортодо Британия менен каттамдарга буга чейин чектөө киргизген Европанын айрым өлкөлөрү чараларды жеңилдете баштады. Эми Британиядан келген жолоочулар коронавирус жок экенин далилдеген тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, өлкөлөргө кирсе болот.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 24-декабрга карата дүйнөдө 78 миллион 725 миң адам вирусту жугузса, анын кесепетинен 1 миллион 730 миңден ашык адам каза болду.

XS
SM
MD
LG