Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:39

Беларуста пресс-клубдун негиздөөчүсү Юлия Слуцкая кармалды


Юлия Слуцкая.

Беларустагы пресс-клубдун негиздөөчү Юлия Слуцкая жана анын төрт үзөңгүлөшү салык мыйзамын бузду деген жүйө менен кармалды. Слуцкаянын кызы кабарлагандай, энеси менен бирге пресс-клубдун кызматкерлери Сергей Альшевский, Сергей Якупов, Пятро Слуцкий жана Алу Шаркону полиция алып кеткен.

Юлия Слуцкая 22-декабрда Минксиге чет өлкөдөн келген соң кармалган. Учурда анын кайда экени расмий кабарлана элек.

22-декабрда Беларустун Мамлекеттик көзөмөл комитети пресс-клуб салык мыйзамын бузганына жана иши сырттан каржыланганына байланыштуу алдын-ала териштирүү башталганын жарыялады.

Беларустагы пресс-клуб 2011-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал көз каранды эмес маалымат каражаттары жана журналисттердин кесиптик жактан өнүгүшү үчүн аянтча болуп саналат.

Мындан бир аз мурун Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети Беларусту акыркы айларда журналисттерди көп куугунтукка кабылган өлкөлөрдү катарына кошкон.

Беларуста августтагы президенттик шайлоодон соң журналисттерге карата кысым күчөдү. Андан бери 373 журналист кармалса, анын алтоо азыр абакта отурат. Октябрда Беларуста бийлик өлкөдөгү нааразылык акцияларын чагылдырган айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG