Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Майя Санду Молдованын президенттигине киришти


Майя Санду.
Майя Санду.

Ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкен Майя Санду Кишинёвдогу парламент менен Конституциялык соттун биргелешкен жыйынында ант берди. Инаугурациялык сөзүндө өлкөдөгү улуттук азчылыктарга орус, украин, гагауз жана болгар тилдеринде кайрылып, алардын укуктары чектелишине жол бербей турганын билдирди.

Санду негизги милдети Молдовадагы коррупция менен күрөшүү экенин кайрадан белгилеп, учурдагы парламентти сынга алды. Жаңы президент жакын арада чукул парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Майя Санду кызматка киришер алдында Ион Кику жетектеген өкмөт кызматтан кеткен. Бул Сандуга азыркы парламентти таратууга формалдуу жол ачат.

Майя Санду 48 жашта. Ал кесиби боюнча экономист, Гарвард университетинин магистратурасын аяктап, Дүйнөлүк банкта эмгектенген. Саясатка 2010-жылдан тартып аралашып, алгач өлкөнүн билим берүү министри болгон. Андан соң оппозицияга кетип, «Аракет жана тилектештик» деген европачыл партияны негиздеген. Ал орусиячыл президент Игорь Додонго жана өлкөдөгү таасирдүү олигарх Владимир Плахотнюкка каршы чыккан. Кийинчерээк Додон жетектеген социалисттер менен кыска убакытка альянс түзүп, Плахотнюкту бийликтен кетирип, өкмөт башчылыкка дайындалган. Бирок көп өтпөй кайрадан оппозицияга өтүп, быйылкы шайлоодо президент Игорь Додонду жеңип алды.

Санду Европадагы эң жакыр өлкө болуп саналган Молдованы Европага ыкташын жактайт.

XS
SM
MD
LG