Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Трамп АКШнын Ирактагы элчилигине коюлган чабуулдан соң Иранга эскертүү берди


АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Кошмо Штаттардын элчилигине коюлган чабуулдан кийин Иранга эскертүү берди.

Бир нече күн мурда Ирандын колдоосун алганы айтылган козголоңчулар АКШ элчилиги жайгашкан Багдаддагы катуу кайтарылган аймакка ракета менен сокку урганы кабарланган.

Трамп: «Жекшембиде биздин Багдаддагы элчилигибизге бир нече ракета менен сокку урулду. Алар кайдан экен дебейсиздерби? Ирандан. Эми биз Ирактагы америкалыктарга да жаңы кол салуу тууралуу угуп жатабыз. Иранга достук кеңешимди берер элем: эгер бир эле америкалык өлтүрүлсө, мен Ирандан көрөм. Жакшылап ойлонгула», деп «Твиттерине» жазды.

Ирандын тышкы иштер министри Трамптын бул дооматтарын четке какты. Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатибзаде Трамптын айыптоолорун негизсиз деп атап, Иран дипломатиялык мекемелерге жана адамдар жашаган турак жайларга коюлган чабуулдарды бир нече ирет сынга алганын кошумчалады.

Бул жолку чыңалуу ирандык окумуштуу Мохсен Фахризаденин киши колдуу болушуна байланыштуу күчөп кетти. Иран илимпоздун өлүмүн Израил менен Кошмо Штаттардан көргөн. Ушундан улам Тегеран же анын аймактагы союздаштары жооп кайтарары күтүлгөн.

Жаңы шайланган президент Жо Байден бийликке расмий киришкенде Иран менен дипломатиялык алакаларды кайра калыбына келтирүүгө аракет кыларын айткан. Байден Трамп 2018-жылы чыгып кеткен Иран менен дүйнөлүк алты державасынын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимге кайра кошулары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG