Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

COVID-19: Вирус дагы 180 адамдан табылды, өлүм катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдет 180 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок.

Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында (67) жана Чүй облусунда (60).

Ошентип, коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 80 025 кишиге жетти. Каза болгондор 1340 адам болду.

Бир күндө 307 бейтап айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1358 адам жатат, дагы 2246 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4092 адамга жетти, алардын 3865и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG