Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:25

Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо башка күнгө калды


Фарид Ниязов. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо боюнча 25-декабрга белгиленген отурумду 28-декабрга которду. Буга Ниязовдун тергөө абагынан сотко жеткирилбегени себеп болду. Бул тууралуу Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Ниязовду үй камагына бошотууну өтүнүп шаардык сотко кайрылышкан.

Быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.

Адвокаттар Ниязов аянттагы башаламандыкты уюштурууга тиешеси жоктугун далилдеген видеолор бар экенин, тескерисинче, ал жабыркаган тарап болуп эсептелерин айтып жатышат.

9-октябрдагы окуя үчүн 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков да кармалып, алар кийин үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

Милиция Ала-Тоо аянтындагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG