Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Жер Ортолук деңизде мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти


Италияга келе жаткан мигранттар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Италияга келе жаткан мигранттар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Жер Ортолук деңизде Европага кетүүнү каалаган мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти. Тунистин бийлиги кайыктагы беш киши аман-эсен куткарылганын, 20 адамдын сөөгү табылганын кабарлады. Ал эми дагы 20дай адам дайынсыз саналып, изделүүдө.

Өлкөнүн суу жээгин көзөмөлдөгөн кызматы, кырсыкка кабылгандар Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнүн жарандары болгон. Кемеге 40-50 адам түшүп, Италияга жөнөгөн.

Европага жакшы жашоо издеп жөнөгөн африкалыктар Тунистеги Сфакс шаарынан деңиз аркылуу жолго чыгышат. Алар кырсыкка учурап, чөгүп кеткендери да көп кездешет.

Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы боюнча, дал ушул багыт менен быйыл эле 12000ден ашык мигрант кеме аркылуу Италиянын жээктерине келген.

XS
SM
MD
LG