Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Кесиптик кошуундар эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашты


Профсоюздар үйүнүн алдында өткөн акция. 2020-жылдын 3-августу.
Профсоюздар үйүнүн алдында өткөн акция. 2020-жылдын 3-августу.

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү бүгүн, 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, жетекчи шайлашты.

Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов федерациянын жыйынына 26 тармактык жана облустук кошуун катышуусу талап экенин, алардын 17си бүгүн убактылуу жетекчи кылып мурда бул мекемеде иштеп кеткен Сагынбек Бозгунбаевди шайлаганын билдирди:

«Тилекке каршы, Кыргызстан Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу бүтө элек, дагы эле эки жаат болуп бөлүнүп жүрөбүз. Бозгунбаев 2007-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагалыгынан четтетилип, жумушу жок калган. Бүгүн жыйын аны «профсоюзда көп жыл иштеген, салым кошо алат» деген ишеничте убактылуу шайлады. Жыйында астыга 20 тармактык жана алты облустук, жалпысынан 26 профсоюз чыгат. 12 тармактык жана беш облустук, жалпысынан 17 кошуун Бозгунбаевди шайлады. Ал эми сегиз тармактык жана бир облустук кошуун Асанакунов менен чогуу жыйын өткөрүп жатышат».

Мирбек Асанакуновдун тарапкерлеринин жыйынына кеңештин тогуз эмес, 15 мүчөсү катышып, аны төрага кылып шайлашканын Байланыш кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасы Калыбек Өмүралиев айтып берди. Ал жыйынга Асанакунов өзү катышып, баяндама окуганын билдирди:

«Кворум болду. Жыйын өттү. Быйыл 5-февралда өткөн жыйын мыйзамсыз болгон. Аны биз тааныбайбыз. Бүгүнкү жыйынга федерациянын кеңешинин 15 мүчөсү катышты. Маселени кеңеш эмес, эл чечет».

Федерациянын төрагасы болуп 2017-жылдын 16-январында шайланган Асанакуновго каршы акциялар 2019-жылы башталып, ал «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген кинелер коюлган.

Быйыл 5-февралда федерациянын кеңешинин жыйыны өтүп, анда Асанакунов кызматынан четтетилгени кабарланган. Өзү бул жыйында кворум болбогонун, анын иш ордуна кызыккандар бар экенин айткан.

Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту канааттандырган. Жогорку сот быйыл январь айында ал чечимдерди жокко чыгарган. (RK/MiK)

XS
SM
MD
LG