Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

«Семетей» госпиталын оңдоп-түзөгөндөргө мамлекет 7 миллион сом карыз экени аныкталды


Мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда иштеп жаткан «Семетей» госпиталы.
Мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда иштеп жаткан «Семетей» госпиталы.

«Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» аба базасынын ордунда ачылган госпиталды оңдоп-түзөө иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылган ишканаларга жана куруучуларга мамлекет 7 миллион сом карыз. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул акча «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөнүшү керек болчу.

Мындан тышкары, «Аскер курулуш» ишканасы Коргоо комитетинин Бишкек боюнча турак жай бөлүмү менен 42 миллион 980 миң сомдук келишим түзгөн, бирок бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 39 миллион 700 миңи гана которулган.

Аскер прокуратурасы бул боюнча териштирүү жүргүзүп жатканы, эгер мыйзам бузулганы аныкталса тийиштүү чара көрүлөрү кабарланды.

Быйыл Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, ооруканаларга киши батпай калганда өкмөт бейтаптарды «Семетей» госпиталына (мурдагы «Ганси») жайгаштырган. Оору басаңдаганда госпитал убактылуу жабылып, ичинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG