Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

«Азаттыктын» журналисттери шайлоо боюнча акыл таймашта жеңүүчү болушту


«Азаттык» радиосунун командасы «Quiz Night» оюнунда. 2020-жылдын 24-декабры.
«Азаттык» радиосунун командасы «Quiz Night» оюнунда. 2020-жылдын 24-декабры.

«Азаттык» радиосунун журналисттери шайлоо темасына арналган «Quiz Night» интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) USAID эл аралык уюму менен бирге уюштурган акыл таймашы 24-декабрда Бишкекте өттү.

«Азаттык» радиосунун командасы «Quiz Night» оюнунда. 2020-жылдын 24-декабры.
«Азаттык» радиосунун командасы «Quiz Night» оюнунда. 2020-жылдын 24-декабры.

Ага Кыргызстандын медиа-коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 12 команда катышып, Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги шайлоо укуктары, шайлоо процесстери, шайлоолордун тарыхы, аялдардын шайлоо укугу тууралуу суроолорго жооп беришти.

Жеңүүчүлөргө белектерди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG