Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

УКМК: Бишкектин архитектура мекемесинин башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин башкы архитектура башкармалыгынын башчысы Асхат Түлөбердиев коррупция боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылы шаарга караштуу жер тилкелерин сатууда жасалма сатык уюштурулган. Бул кылмышка шектүү катары архитектура башкармалыгынын жетекчиси менен кошо ошол сатыкка катышкан дагы бир адам кармалды.

Экөө тең атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Кылмышка шектүү тарап азырынча УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG