Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:01

Судьялар кеңеши: Сот бийлиги тартип коргоо органдарынын болуп көрбөгөндөй басымына кабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Судьялар кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жазып, сот корпусуна карата айтылып жаткан бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн коргоону, сот тутумунун көз каранды эместигин камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранды.

25-декабрда жарыяланган ачык катта соңку мезгилде сот бийлиги укук тартибин коргоо органдарынын болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатканы белгиленди:

«Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар - укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүшүнүн далили. Буга жол берилбеши керек! Анткени бул сот бийлигинин гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына жана туруктуулугуна шек келтирет».

Судьялар кеңеши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабрда басма сөз жыйынында «Жогорку соттун төрайымы кармалат, ага коюлган айыптар боюнча жетиштүү далилдер бар» деген билдирүүсү бийликтин бир бутагы болгон сот тутумуна, анын жетекчисине карата айтылган айыптоолор Кыргызстандын Конституциясынын ченемдерине жана жазык-процесстик мыйзамдарына каршы келерин белгиледи.

Кечээ, 24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Жергиликтүү сот» системасы боюнча долбоор Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзгөн жана Жогорку соттун жетекчилиги менен кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүү боло албайт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG