Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

Орусиянын Федерациялар Кеңеши «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамды жактырды


Орус парламентинин жогорку палатасы болгон Федерациялар Кеңеши 25-декабрда сырттан каржы алып Орусияда саясат менен алектенген жеке адамдар менен коомдук бирикмелерди да «чет элдик агент» деп тааныган мыйзам долбоорун кабыл алды. Мындай бирикмелер менен адамдар «чет элдик агенттердин» тизмесине кошулууга арыз берип, Юстиция министрлигине убак убакыт бою ишмердиги тууралуу маалымат берип турушу керек.

Бул тизмеге киргендер мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле мамлекеттик сыр менен таанышууга укугу жок болот.

«Чет элдик агент» деп таанылган маалымат каражаттары макалаларын жайгаштырууда «чет элдик агент» деген тизмеге киргенин эскертиши керек. Мындай талап Интернет колдонуучулар менен блогерлерге тиешеси жок.

Буга чейин Мамлекеттик Дума «Чет элдик агенттер» боюча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алынган. Ага ылайык, четтен каржыланып саясат менен алектенген адамдар же уюмдар бул жөнүндө маалымат берип, тизмеге кирбесе беш жылга чейин эркинен ажыратуу нормасы киргизилген.

Орусияда кабыл алган «чет элдик агенттер» боюнча мыйзамдарды укук коргоочулар, эл аралык уюмдар сынга алып келишет. Алар орус бийлиги мындай жол менен жарандык коомду көзөмөлгө алып, плюралисттик пикирлерди басымга алып жатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG