Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Орусия Кыргызстанга элдин айлыгын жана пенсиясын төлөөгө 20 миллион доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия кыргыз өкмөтүнө бюджеттеги тартыштыкты убактылуу жабууга жардам бермей болду. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-декабрда билдиргендей, кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүнмөй болуп жатат. Бул акча бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого жумшалат.

Элчилик «макулдашуунун долбоорун кыргыз тарап жактырды, жакында кол коюлат» деп билдирди.

25-ноябрда кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган. Тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга келген 25 миллиард сомдой акчанын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткени маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG