Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Бишкек абасы булганыч шаарлардын сап башында келе жатат


Бишкекти каптаган көк түтүн. Февраль, 2020-жыл.
Бишкекти каптаган көк түтүн. Февраль, 2020-жыл.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын булгануу деңгээлин күнү-түнү аныктап турган «AirVisual» тиркемесинде Бишкек кайрадан алдыңкы сапка чыкты.

Кыргызстандын баш калаасынын абасы 28-декабрга карата эң көп булганып, ондогон шаарлардын арасында биринчи орунда турат. Экинчи сапта Бангладештин Дакка шаары, андан ары Чэнду (Кытай), Индиянын Калькутта шаары жана башка калаалар бар.

2019-жылдын ноябрь айында да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири аталган. Айлана-чөйрөнүн абалын шаарларга орнотулган «Airnow» жабдуусу аныктайт.

Бишкекте абанын кирдешине автоунаалардын газы, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп болору айтылып жүрөт. Бул маселе борбор калаада кыш мезгилинде байма-бай көтөрүлүп турат. Бишкек быйыл абасы булганыч алдыңкы он шаардын катарынан түшө элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG