Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Евробиримдик өлкөлөрүндө коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин (ЕБ) курамныдагы өлкөлөрдө жекшемби күндөн тартып коронавируска каршы калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды.

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, эмдөөдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга артыкчылык берилет. Германия, Франция, Австрия, Италия, Испания жана Болгария эмдөө иштерин жекшемби күндөрү баштаса, Белгия менен Люксембургда 28-декабрда, Нидерландда 8-январда башталганы жатат.

Буга чейин «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары жыл соңуна чейин Европа Биримдигине 12,5 миллион доза вакцина жеткирүүгө даяр экенин билдиришкен.

Мурдараак Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жактырган.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган.

XS
SM
MD
LG