Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Бөрүбашев: Конституциянын долбоорунун биринчи варианты талкууланып жатат


Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи вариантын Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү секцияларда талкуулап жатат. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешме азыр юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топ менен да иштешүүдө.

«115 берененин барын жалпы жыйынга алып чыкканда өтө татаал болот экен. Ал жердеги 100гө жакын киши бири-биринин сөзүн укпайт. Ошондуктан биз биринчи вариантты секцияларга чыгарып атабыз. Секцияларда болсо 20-30дан киши бар», - деди Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме өз ишинин биринчи баскычын бүтүрүп, Баш мыйзамдын алгачкы вариантын иштеп чыкканын 11-декабрда жарыялаган.

Кеңешмеде «Конституциялык түзүмдүн негиздери», «Жарандын жана адамдын укуктары жана эркиндиктери» жана «Мамлекеттик бийлик органдары» аттуу үч секция түзүлгөн.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG