Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Түркиядагы кыргыз элчилиги шайлоочулар чектөөлөрдөн улам тизмеге катталышы зарыл экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядагы кыргызстандыктар бул өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн элчиликке кайрылышы зарыл. Бул тууралуу 28-декабрда «Азаттыкка» Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шайлоо күнү добушканага жана кайра жашаган жерине жетип алыш үчүн аларга жергиликтүү бийликтин уруксаты керек болот.

Бул үчүн шайлоочулардын тизмесине кирген кыргыз жарандары алдын-ала электрондук почта аркылуу кайрылып аты-жөнүн, жашаган дарегин 30-декабрга чейин жибериши зарыл.

Анкара, Адана, Газиантеп, Кастамону, Кайсери, Конья, Малатья, Мугла жана башка аймактарда жашагандар kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дареги боюнча элчиликке, ал эми Стамбул, Анталия, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билечик, Кожаели, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне жана Ялова аймактарында жашагандар kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg. электрондук дареги боюнча тизмеге турушу зарыл.

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. 2394 шайлоо участогунун 48и чет мамлекеттерде, алардын экөө Түркияда. Түркиядагы эки шайлоо участогунда 1248 шайлоочу катталган.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш. Мындай чаранын мөөнөтү узартылышы мүмкүн экени айтылууда.

Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG