Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

29-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -1…+1 градус болот.

XS
SM
MD
LG