Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Кара-Сууда ишкердин автоунаасын сүзүп токтотуп, бутуна атып, 100 миң долларын карактап кетишти


Кара-Суу району.
Кара-Суу району.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 26-декабрь күнү акча алмаштыруучу жай иштеткен ата-баланы белгисиз үч киши машинесин сүзүп токтотуп, ишкердин баласынын бутуна атып, алардын жанындагы 100 миң АКШ долларын карактап кетишкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук милициясы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда окуя 26-декабрь күнү Кара-Суунун Кызыл-Шарк айылында саат 10:00дө болгон. Милиция окуя болгон жерге барып, сырттан кароо жүргүзүп, атылган октун гилзалары тапкан.

«Качып кеткен автоунааны таштап кетишкен. Аны милиция кызматкерлери табышты. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, каракчыларды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Алар автоунааларды жакын арада эле сатып алган болуп чыкты», - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Бул Ош облусунда чоң суммадагы акча каракталган 2020-жылдагы үчүнчү окуя. Буга чейин бир ирет 3 миллион сом, андан кийин 5 миллион сом каракталган. (DU)

XS
SM
MD
LG