Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

УКМК: Чүйдүн жол инспекторлору «Ак Тилек» бекетиндеги жемкорлук боюнча кармалышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде иштеген жол инспекторлорун жана алардын жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-декабрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Бопонов, 24-декабрда анын кол астында иштеген үч инспектор кармалды.

Атайын кызмат алар «Ак Тилек» бекетиндеги коррупциялык схемага тиешеси болгон, документ текшеримиш болуп жүк ташыган айдоочулардан дайыма 500-5000 сом алып турушкан деп эсептейт.

УКМК бир күндө бул бекет аркылуу 100-200 автомашина жүк алып өтөрүн белгилеп, аталган жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иши жүрүп жатканын билдирди.

Кармалгандар жана алардын өкүлдөрү бул туурасында коомчулукка маалымат бере элек.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG