Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Орусия менен Өзбекстан миграция боюнча макулдашууга кол коюшту


Москва
Москва

Орусия жана Өзбекстан Орусияда иштөөнү каалаган өзбек жарандарынын миграциялык процесстерин жөнөкөйлөштүргөн макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу өткөн аптанын соңунда өзбек тышкы мекемеси кабарлады.

Документке Өзбекстандын сырткы эмгек миграциясы боюнча агенттиги менен Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу «Паспорт- виза сервис» мамлекеттик ишканасынын жана "Көп функционалдуу миграция борборунун" өкүлдөрү кол коюшту.

Маалыматка караганда, эми Орусияда иштөөгө уруксат алуунун мөөнөтү кыскарып, тиешелүү кагаздарды алуу жеңилдемекчи.

Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиеев өкмөткө уюшулган эмгек миграциясы боюнча программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергени маалымдалган. Анын алкагында адистик, тил даярдыгы, жол чыгымдары, патент алуу, камсыздандыруу, пенсия жана башка маселелер тескелүүгө тийиш.

Орус Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл пандемиядан улам мигранттар эки эсе азайды.

23-декабарда президент Владимир Путин бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жумушчулар жетпей жаткан тармактарга эмгек мигранттарын чектелүү санда алып келүү маселесин талкуулоого даярдыгын айткан.

XS
SM
MD
LG