Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ухандагы эпидемияны чагылдырган жарандык журналист төрт жылга кесилди


Гонконгдук активист Чжан Чжанды колдоп чыкты. Гонконг, 28-декабрь 2020-жыл
Гонконгдук активист Чжан Чжанды колдоп чыкты. Гонконг, 28-декабрь 2020-жыл

Февралда Ухандагы коронавирустун эпидемиясы тууралуу кабарлаган жарандык журналист Чжан Чжан соттолду. Ал бейтаптарга толгон ооруканалардан, крематорийден тарткан видеороликтер интернетке кеңири тарап кеткен болчу. 37 жаштагы мурдагы юрист Шанхайдагы сот тарабынан төрт жылга абакка кесилгенин анын адвокаты маалымдады. Чжанга Ухандагы башаламандыкты айтып берип, «жаңжалдарга шыкакчы» болгон деген айып тагылды. Адвокаттын айтымында, соттолуучунун саламаттыгы камтама кылууда. Июнда ал камакта отурганда ачкачылык жарыялап, күчтөп түтүк менен тамактандырышкан.

Чжандан тышкары Ухандагы репортаждары үчүн дагы бир нече жарандык журналистти сот жараяны күтүп жатат. Бээжин вирус жайыла баштаганда маалыматтарды жашырып же бурмалаган деген эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келатат.

Эмки айда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Уханда вирустун тарашы боюнча териштирүү жүргүзүшмөкчү. Буга чейин Кытай бийлиги көз карандысыз иликтөөгө макул болбой келген.

XS
SM
MD
LG