Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Баку Тоолуу Карабакта бир жоокери окко учканын билдирди


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы чабуулда бир жоокери окко учканын, экинчиси жарадар болгонун билдирди. Коргоо министрлиги 28-декабрда маалымдагандай, мурунку күнү «армениялык мыйзамсыз куралчан топ» Агдам айылында азербайжандык аскердик бөлүккө кол салган. Министрлик чабуул койгондордун бардыгы жок кылынганын кошумчалап, келечекте мындай аракеттерге каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Расмий Ереван жана Тоолуу Карабактын де факто бийлиги билдирүүгө байланыштуу комментарий бере элек.

Армениянын Коргоо министрлиги мунун алдында Гадрут чөлкөмүндө кармаш жүрүп жатканы тууралуу кабарларды четке кагып, аймактагы армяндардын күчтөрү тынчтык келишиминин шарттарын аткарып жатышканын билдирген.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишим 10-ноябрда күчүнө кирип, алты жумага созулган салгылашууларга чекит койгон. Документке ылайык, азери армиясы кайтарып алган жерлер Бакунун карамагында калат.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын бөлүгү деп тааныйт, бирок аймакты армяндар Еревандын колдоосу менен башкарып келатышат.

Аймак үчүн уруш 1994-жылы токтогону менен, ортодогу кагылышуулар маал-маалы менен уланып жатты.

XS
SM
MD
LG