Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Чечен согушун чагылдырган төрт видеого Орусияда тыюу салынды


Чеченстандагы Бамут айылы. Май, 1996-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Чеченстандагы Бамут айылы. Май, 1996-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Нальчик шаарынын соту «Associated Press» агенттигинин Чеченстанда 1990-2000-жылдары болгон согуш тууралуу архивдик төрт тасмасын Орусияда көргөзүүгө тыюу салды. Прокуратура журналисттик материалдарда «ырайымсыздыкка үгүттөөнүн белгилери бар» деп тапты.

Видеолордун биринде 1995-жылы туткунга алынган орусиялык аскерлерди көрүүгө болот. Дагы бир тасмага Аргундагы, Грозныйдагы жана Шалидеги кармаштар түшүрүлгөн. Үчүнчүсүндө орус армиясынын Грозный районуна кирип барганы чагылдырылат. Роликтердин айрымдары «YouTube» порталында бир, эки миллион жолу көрүлгөн. Соттун чечиминде ал видеолор «мыйзмсыз аракеттерге шыкакчы болот», «социалдык, экономикалык терс кесепеттерге алып келиши ыктымал» жана «жарандардын укуктук мамлекетте жашоо укугун бузат» деп айтылат.

Орусия Чеченстандагы жикчилерге каршы эки жолу согушкан. Биринчиси 1994-жылдын декабрында башталып, 1996-жылдын августуна чейин уланган. Экинчи уруш 1999-жылы августта тутанып, 10 жылдан кийин Москва «терроризмге каршы операция аяктады» деп жарыялаганда расмий токтогон. Куралдуу тирешүү түмөндөгөн карапайым кишинин өмүрүн кыйды, жүз миңдеген адамдар жер которууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG