Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Шайлоо: 29-декабрь - каттоону алмаштыруунун акыркы күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-декабрь - катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий сайтына жарыяланды.

Боршайкомдун буга чейин тараткан маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү ID карта паспорту барлар калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылаш керек болот.

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма деген документ аркылуу башка жерден добуш берип келишкен.

Быйыл 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миңдей адам №2 форма аркылуу добушканаларды алмаштырып, бул партиялардын нааразылыгын жараткан. 5-октябрда өлкөдө ири акциялар башталып, Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов баш болгон депутаттар тобу шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал кабыл алынган. №2 форма менен чет жактагы шайлоочулар гана добуш бере алат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандайт:

- президенттик;
- парламенттик;
- бардык варианттарга каршы. (BTo)

XS
SM
MD
LG