Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Өкмөт: 200 миң жаран биометрикасы жок жүрөт, Мамкаттоо шайлоого карата иш убактысын узартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого карата иш убактысын узартты, бул мекеменин жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрү 31-декабрда да иштейт. Бул тууралуу 29-декабрда «Биринчи радионун» эфиринде сүйлөп жатып вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоосу жок болгондуктан добуш бере албай турган адамдар 200 миңден ашат.

«Шайлоо тизмесине катталыш үчүн сөзсүз биометрикалык каттоодон өтүү зарыл, - деди ал. - Аларды каттоодон өткөрүп алсак шайлоочулардын тизмесин тактоо маселеси бүт чечилет. Биометрикасы жоктор шайлоого катыша албайт. Мындан тышкары, мурда форма №2 менен шайлап жүргөн жарандарыбыздын да андай шарты жок эми, демек алар мурдагы катталган дареги менен шайлашы керек. Мамлекеттик каттоо кызматы иш мөөнөтүн кечки сегизге чейин узартты. Демек, жарандар жумуштан кийин деле барып кайрылса болот».

Быйыл 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миндей адам №2 форма аркылуу добушканаларды алмаштырган. 5-октябрда өлкөдө ири нааразылык акциялары башталып, Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов баш болгон депутаттар тобу шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал кабыл алынган. Чет жактагы шайлоочулардын мындай укугу калтырылган.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG