Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Ош: Ипотеканын үстөк пайызын жоюуну сурангандар мэрияга топтолду


Ош шаардык мэриясынын имаратынын астына чогулгандар.
Ош шаардык мэриясынын имаратынын астына чогулгандар.

Ошто 29-декабрь күнү 50гө чукул киши ипотека менен берилген үйлөрдүн пайызын алып салууну суранып, мэриянын алдына топтолушту. Бул тууралуу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы билдирди.

Чогулгандар батирлер кымбат бааланып калганын, аны төлөө оор болуп жатканын айтышууда. Насыяга берилген үйлөрдүн баасына нааразы болгондор буга чейин да бир нече жолу мэрияга чогулушкан.

Ош шаардык мэриясы 2010-жылдагы коогалаңда жабыр тарткандарга берилген үйлөрдөн артып калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга бөлүп берген. Алгач алты пайыз үстөк акча менен берилсе, жыл башында төрт пайызга түшүрүлгөн.

Ипотека маселеси бүгүнкү Ош шаардык кеңешинин жыйынында күн тартибине киргизилип, үй алгандардын маселеси каралмай болду.

Ал арада Бишкекте да мугалимдер жана дарыгерлерден турган топ өкмөттүн алдына чыгып, ипотекалык насыянын үстөк пайызын азайтууну талап кылууда.

Бул тууралуу акциянын катышуучулары "Азаттыкка" билдиришти. Алардын маалыматына караганда, азыр өкмөт имаратынын алдында 30га жакын киши турат. Баары Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алып, бирок аны төлөөгө айлыгы жетпей кыйналып жаткандар. (MrA/DU)

XS
SM
MD
LG