Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына президент көрсөткөн жаңы мүчө жетекчи болуп шайланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына президенттин квотасы менен барган жаңы мүчө бул комиссияга жетекчи болуп шайланды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 28-декабрда комиссия жыйынга чогулуп, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун комиссиянын мүчөлүгүнө Маратбек Осмонкуловду кошуу тууралуу сунушу каралып, кабыл алынды.

Ушул эле күнү Осмонкулов ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында төрага болуп бир добуштан шайланды.

Курамы ар үч жыл сайын жаңыланып туруучу комиссия тогуз мүчөдөн турат. Алардын үчөөнү президент, үчөөнү парламент жана калган үчөөнү Судьялар кеңеши гендердик теңчилик талаптарын эске алуу менен көрсөтүшөт.

Комиссиянын буга чейинки курамынын мөөнөтү быйыл ноябрь айында аяктаган. Парламенттин квотасы боюнча үч өкүл тандала элек болгондуктан азыр алты гана мүчө иштеп жатат.

Ишке киришүү үчүн комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болуусу талап.

Төрагасы Замирбек Базарбеков 25-декабрда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалып кеткендиктен анын орду бош калган. Ал комиссияга президенттик квота менен барган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG