Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Ош шаарынын аймагында эркин экономикалык аймак куруу сунушталды


Ош шаары, борбордук базар.
Ош шаары, борбордук базар.

29-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 37-сессиясында шаардык кеңештин депутаты Абдисаит Керимбеков эркин экономикалык аймак куруу боюнча демилге көтөрдү.

«Бишкек шаарында, Нарын жана Талас облустарында эркин экономикалык аймактар бар. Ош шаарында да ишкерлерди колдоо, салыктарды жеңилдетүү максатында эркин экономикалык аймак түзүш керек», - деди шаардык кеңештин депутаты Абдисаит Керимбеков.

Сунуш шаардык кеңеште талкуулангандан кийин атайын комиссия түзүлүп карап чыгышы керек экендиги айтылды.

Бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезектеги 37-сессиясы болуп жатат. Анда Ош шаардык мэриясынын ишкер чөйрөнү коргоо боюнча аткарган иштери, калаадагы үй жаныбарларын жана канаттууларды багуу эрежелери, Ош шаардык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүү жана Ош шаардык муниципалдык ипотекалык шартта берилген турак жайлардын жашоочуларынын кайрылуусу тууралуу маселелер каралды.

Жергиликтүү кеңеште жалпысынан 10 маселе талкууга коюлган. (MrA)

XS
SM
MD
LG