Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер биригүү тууралуу меморандум кабыл алышты


Солдон онго: Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев.
Солдон онго: Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев.

Кыргызстанда президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер биригип, эгер шайлоонун экинчи туру болсо арасынан бирдиктүү талапкерди колдоп чыкмай болушту. Бул тууралуу 29-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында талапкерлер Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев билдиришти.

Алар меморандум кабыл алышканын, бул документке башка да талапкерлер кол коё аларын билдирип, мындай кадамга өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниетинде барып жатканын белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев:

"17 талапкердин бирөө да мыйзам бузду деп эч ким айта алган жок. А бир талапкер он мыйзамды бузду".

Меморандумда айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти абсолюттук монополияга алгысы келип жатканы, адамдардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугу маселе жаратып жатканы белгиленди. Мыйзамсыздык Кыргызстанды башкарууда башаламандыкка алып келгени, үгүт өнөктүгү административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо жана коркутуу менен коштолуп жатканы жазылды.

Ошону менен катар бул меморандумда бийликтеги айрым адамдар Конституцияны тебелеп-тепсеп жатышканы, соттуулугу жоюла элек адам премьер-министр болуп, ал мыйзамсыз түрдө президенттин милдетин аткарганы, Жогорку Кеңеш да мыйзамсыз иштеп жатканы, шайлануу укугу жок адам президенттикке талапкер катары катталганы кеп болду.

Басма сөз жыйынын уюштурган төрт саясатчы бирдиктүү талапкер ким болору азырынча белгисиз экенин, аны 10-январдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы чечерин айтышты.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Өлкө башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда.

Быйыл октябрь окуяларынан кийинки тополоңдо Кыргызстанда бийлик алмашып, өлкө башчылыгына саясатчы Садыр Жапаров келген. Ал президенттикке аттанган талапкерлердин бири.

Жапаров өзүнүн дарегине айтылган айыптоолор эч негизсиз экенин билдирип келет. Сот өкүмдөрүн Жогорку сот жокко чыгарганын ал 9-октябрда билдирген. Ушул эле күнү Жогорку сот Жапаровду актаган чечим чыгарбаганын, мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Жогорку сот премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, президенттикке ат салышып жаткан Жапаровду талапкер кылып каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузган эмес деп эсептейт. 23-декабрда Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айткан.

Жогорку Кеңештин соңку чакырылышынын мөөнөтү быйыл октябрда аяктаган. Анын иш мөөнөтү үзартылганы мыйзам чегинде болгонун депутаттардын көпчүлүк бөлүгү айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG