Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Дүйнөдө коронавирустан улам жаңы жылдык иш-чаралар чектелүүдө


Бразилия.
Бразилия.

Бразилиянын бийлиги Жаңы жыл алдында Рио жана башка шаарлардагы пляждарды жапты. Бийлик майрамдык иш-чараларды чектөө аракетинде дагы бир катар эрежелерди киргизди. Адатта Жаңы жылды тосуш үчүн миллиондогон турист агылган Копакабанадагы пляждар жабык болот. Салттуу фейерверкке да тыюу салынды. Бразилия дагы эле пандемиянын очокторунун бири болуп турат. Бул өлкөдө коронавируска 7,5 миллиондой киши кабылды, 191 миңден көп бейтап көз жумду.

Жаңы жылдык салтанаттар башка жердерде да чектелүүдө. Сиднейдин тургундарына белгилүү фейерверкти үйдөн отуруп көрүүгө кеңеш берилди. Нью-Йоркто бардык оюн-зооктор онлайн тартууланмакчы.

Коронавирустун Британияда табылган жаңы штаммы өзгөчө камтама кылууда. Өткөн аптада илдеттин өтө жугуштуу түрү бир топ өлкөлөрдү бейпайга салып, Европада чек аралар жабылган.

Шейшембидеги маалыматтарга ылайык, дүйнөдө СOVID-19 оорусуна 81 миллиондон көп киши чалдыкты, бир миллион 770 миң киши вирустан каза тапты.

XS
SM
MD
LG